"Улуу максаттарды карай бирге"

"Улуу максаттарды карай бирге"

Кыргыз Глобал 2018-жылы 12-майда ачылган коомдук бирикме, фонд жана организация. Максаты: коомубузда күчтүү специалист-адистерди көбөйтүү, жаштарыбызды чыгаан инженер, изилдөөчү болууга үгүттөө, шарт түзүү, аларды бириктирүү (нетворкинг) жана өлкөбүздө өсүп келе жаткан жаш уландарыбызга жаркын шарттарды ачуу. Термин аркылуу айтканда, айтылуу атабыз Ч. Айтматов аткарууга тырышкан "Агартуу" процесси...
Учурда коомубуздагы жаштар көбүнесе Россиялап же түрдүү оор, акыл-эсти көп талап кылюаган "физикалык" жумуштарга агылып жатышат. Көпчүлүгү 10-15 жыл иштеген соң түрдүү дарттарга чалдыгышат. Ал да болбосун дейли, кээде өзгөлөрдүн биздин жарандарга кылган мамилеси, укуктарын тебелөөсү зээнибизди кейитпей койбойт. Андыктан жолубуз жалгыз - окуп, өсүп-өнүгөбүз; жаркын келечек курабыз. Биз 1 жылда талаа аралап, кыйналып тапкан акчаны корейлерди, европалыктарды мисалга алсак 1-2 смартфон чыгарып сатып таап коёт - технологиянын, билимдин күчү. Андыктан бизде билим, технология өөрчүмөйүн, күн карама сыяктуу өзгөлөрдүн кара жумуштарына агыла беребиз. Адегенде бул жагдайыбызга өзүбүз, ар бирибиз жоопкерчиликтуу экендигибизди дайыма акылыбыздан чыгарбашыбыз абзелирээктир. Өз заводторубуз, өндүрүш жайларыбыз болуусуна коомубузду ар тараптуу даярдап, аттансак Кудай буюрса акырындап стабилдүү өлкөгө кадам шилтейбиз...
Максатыбыз чоң, жол узак. 5-10 жыл доордон доорго жаштарды үгүттөө, программисттер, илимпоздор, изилдөөчүлөр чыгуусуна өбөлгө болуу... Андыктан баарыңыздарды бирге болууга чакырабыз. Көбүрөөк КИТЕП ОКУП, Жээнбеков - Атамбаевти, саясатты талкуулоону токтотуп, ар бирибиз өз тармагыбызды адистегени тырышалы. Ата-энелер балдарына шарт түзсүн, жаштарыбыз сапаттуу адис болуп, дүйнөнүн булуң бурчундагы айтылуу компанияларында, организацияларында тажрыйбасын өтөшсүн, өз компанияларын негиздешсин. Кыргызстандын, балдарыбыз