"Окуйбуз-Өнүгөбүз" долбоору - элибиздин китеп окуу маданиятын өнүктүрүү жана жаштардын дүйнө таанымын кеңейтүү максатында негизделген Кыргыз Глобал уюмунун алгачкы долбоорлорунун бири. 

Долбоордун алкагында жыл сайын ар түрдүү тематикада китеп окуу конкурсун өткөрүп келебиз.

Конкурстун максаты кыргыз адабий классикаларын коомдо жайылтуу менен чектелип калбай дүйнөлүк класскикалар менен кошо ар кандай практикалык жана жеке-өнүгүүгө шык берген бизнес китептерди да элибизге таанытуу болуп саналат. 

Конкурс - ар кандай жанрдагы китептерди камтып, катышуучулар окуган китебинен алган билимин текшерүү үчүн Кыргыз Глобал уюмунун интернет баракчасында онлайн түрдө сынактан өтүшөт. Сынактын жыйынтыгы менен эң көп упай алган катышуучулар жеңүүчү деп табалып баалуу жана кызыктуу белектер менен сыйланышат. 

2019-жылдын кезектеги китеп окуу конкурсун ачык деп жарыялайбыз!

Конкурска катталуу мөөнөтү 2019-жылдын Октябрь айынын 25ине чейин уланат. 2019-жылдын Ноябрь айынын 1-күнү сынак "Кыргыз Глобал" уюмунун интернет баракчасында онлайн түрүндө өткөзүлөт. 

Конкурстун шарттары:

  • Сынакка катышуу үчүн сөзсүз түрдө каттоодон өтүүсү зарыл
  • Сынак 3 тилде өткөрүлөт: Кыргызча, Русский, English
  • Сынакка катышуучулардын жашы чектелбейт
  • Катышуучу 3 китептин негизинде сынак жазат (Китеп тандоо болбойт ) 

Китептердин тизмеси:


  1. "Саманчынын жолу" - Чыңгыз Айтматов
    • "Материнское поле" -Чыңгыз Айтматов
  2. Съешьте лягушку! 21 способ научиться успевать - Брайан Трейси
    • Eat That Frog! 21 Great Ways to Stop Procrastinating and Get More Done in Less Time - Brian Tracy
  3. Продавец обуви: История компании Nike, рассказанная ее основателем - Phil Knight
    • Shoe Dog: A Memoir by the Creator of NIKE - Фил Найт

Сынактын нускамасы:

  • Суроолордун жалпы саны: 70
  • Катышуучу 3 китептин негизинде сынак жазат (Китеп тандоо болбойт ) 
  • Убакыт чектелүү: 90мин
  • Берилген убакыттын ичинде, суроолордун жоопторун өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар.
  • Сынакты жазууга бир жолу гана мүмкүнчүлүк берилет. 

Белектер:

  • I даражада - Amazon Kindle Paperwhite Ebook 
  • II даражада - Gift Box 
  • III даражада - Smartwatch
  • жана жети жеңүүчүгө китеп дүкөнүнөн белек сертификаттары (500 сом). Ошондой эле, уюмдун жеке футболкалары жана сертификаттар менен сыйланат.

Маанилүү даталар: 

  • Катталуунун акыркы мөөнөтү – 25-Октябрь, 2019
  • Сынак өтүүчү күн – 1-Ноябрь, 2019. Сааты – 18:00 (Бишкек сааты)